• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коррупция менен күрөшүү ишинде компромисс болбойт - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Өткөн жылы коррупция менен күрөштүн натыйжасында 5,7 млрд. сомго жакын каражат жана мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Ал, Коопсуздук Кеңешинде айтылган сөздөр иш жүзүнө аша баштаганын билдирди.

"Коррупция менен системалуу күрөштү улантып жатабыз. Былтыркы Коопсуздук Кеңешинде айтылган сөздөр реалдуу ишке ашырыла баштады. Өткөн жылы коррупция менен күрөштүн натыйжасында 5,7 млрд. сомго жакын каражат жана мүлк мамлекетке кайтарылды", - деди ал.

Аны менен катар, президент коррупция менен күрөш артыкчылыктуу багыттардан болорун белгилеп өттү.

"Коррупция менен күрөшүү, сот жана укук коргоо органдарын, жалпы мамлекеттик бийликти алдым-жуттумдардан тазалоо ишинде эч качан компромисс болбойт. Коомду коррупциядан тазалоо процесси токтобойт, артыкчылыктуу багыт катары уланат", - деди мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий