• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коррупция: "Унаа" мекемесинде колго түшүрүү иштери жүрүүдө – сүрөт, видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. "Унаа" мамлекеттик мекемесинде колго түшүрүү иштери жүрүп жатканын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Финансы полициясы) билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жана автомектептердин кызматкерлери өз ара сүйлөшүп алып, айдоочулук күбөлүктү алуучу сынакты ийгиликтүү аяктоо үчүн курсанттардан (окуучу) акча талап кылып жатышканы белгилүү болду.

"Кабар" агенттигине билдиришкендей, бир курсанттан алган паранын көлөмү 5 миң сомду түзөт.

Финансы полициясы толук маалыматты кийинчерээк берерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий