• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коррупция жана мыйзамсыз баюу. Суракматов жана анын жакындарынын активдери $50 млн бааланат

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупция беренелери боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азиз Суракматов жетекчилик кызматты аркалап жатканда мыйзамсыз баюу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалитеттин айрым кызматкерлери жана ири курулуш компаниянын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схеманы түзгөнү аныкталган. Муниципалдык жерлер коммерциялык мекемелерди жана көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген.

Ошондой эле мурдагы мэр курулуш компанияларга тиешелүү документтерди бердирүү үчүн мэриянын кээ бир кызматкерлерине жана курулуш иштерин көзөмөлдөгөн органдарга басым көрсөтүп келген. Суракматов жана анын жакындарынын активдери ыкчам өсүп, анын суммасы 50 млн долларга бааланат.

Кечээ, 26-майда коррупцияга шектелип мурдагы мэр Азиз Суракматов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда аталган иш боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий