• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. КР башкы прокурору Курманкул Зулушев Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 6-отурумунун иш-чарасына видео-конференц-байланыш режиминде катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чара Армения, Беларусь жана Россиянын башкы прокурорлору, ал эми Казакстан, Молдова жана Тажикстандын коррупцияга каршы күрөшүү агенттиктеринин башчыларынын катышуусунда өткөрүлдү.

КР башкы прокурору К.Зулушев иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн башкы көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы иш аракеттер жана бул багыттагы реформалар тууралуу баяндама жасады.

Жыйында бир катар маселелер каралып, кийинки отурумдун төрагалыгы Беларустун Башкы прокуратурасынан Казакстандын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттигине өткөрүлүп берилди.

Кеңештин мүчөлөрү тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги 7-отурумун 2022-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү жөнүндө чечими кабыл алынды.

Кошумча маалымат: 2013-жылдын 25-октябрында Беларусь Республикасынын Минск шаарында КМШ катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин отурумунда мамлекет башчылары (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий