• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешине шайлоо учурунда мыйзам бузуу боюнча 205 арыз түшкөн

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Таза жана адилеттүү шайлоо үчүн – өлкөнүн ар намысы үчүн” коомдук платформасына шайлоо процессинде мыйзам бузуу боюнча 205 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирди.

Анын айтымында, Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин аймактык өкүлдөрү шайлоо учурунда шайлоо процессинин алкагында мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзүштү. Ошондой эле шайлоо процессинде добуш сатып алуу, добуш сатуу жана административдик ресурс колдонуу сыяктуу коррупциялык учурлар боюнча жарандар менен тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргузүп атты.

Мындан мурда Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши Борбордук шайлоо комиссиясы жана КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте Таза жана адилеттүү шайлоо үчүн – өлкөнүн ар намысы үчүн” коомдук платформасын ишке киргизген, анда жарандар шайлоо процеесинде мызам бузуулар жөнүндө маалымдай алышат.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 205 арыз туштү:
- Бишкекте - 28 обращений;
- Ошто – 11;
- Чүй облусунда – 42;
- Ош облусунда– 35;
- Талас облусунда – 15;
- Нарын облусунда – 11;
- Исык-Көл облусунда – 9;
- Жалал-Абад облусунда – 15;
- Баткен облусунда – 10.

“Жалпысынан шайлоо процесси туруктуу өттү, 4-5 мыйзам бузуу тиешелүү органдарга жөнөтүлдү, калгандары БШК тарабынан каралууда”, - деди ал.

Эске салсак, АӨФ президенттин таза, ачык-айкын жана таза шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү жана парламентте жүрүп жаткан люстрациянын алкагында коррупция маселелери боюнча жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн ишеним телефонун, Telegram каналын жана “Таза жана ачык-айкын шайлоо үчүн – өлкөнүн ар-намысы үчүн” аттуу сайтын ачкан.

Пикир

Оставить комментарий