• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башчысы саясий партияларды добуш берүүнүн жыйынтыгын кабыл алууга чакырды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саясий партияларды добуш берүүнүн жыйынтыгын кабыл алууга жана элдин тандоосуна ишенүүгө чакырды.

Анын айтымында, Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши үгүт кампаниясынын жүрүшүндө республиканын аймактарында жаңы шайлоо процесси, анын былтыркы шайлоолорго салыштырмалуу принципиалдуу айырмачылыктары тууралуу активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Нет описания.

"Түшүндүрүү иштеринин негизги максаты – ар бир шайлоочу өз добушу менен өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликтүү экенин мекендештерге жеткирүү", - деди ал.

Мындан тышкары, коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин жетекчиси үгүт жана шайлоо өнөктүгүнүн эрежелеринин сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

"Биз шайлоо күнү туруктуу кырдаалды сактоого жана андан кийин баш аламандыктарды болтурбоо үчүн жооптуу болчубуз. Добуш берүүнүн жыйынтыгына макул жана каршы болгондор ар дайым болот, бирок өлкөгө туруктуулук керек экенин эске алып, саясий партияларды добуш берүүнүн жыйынтыгын кабыл алууга чакырам", - деди ал.

Жыйынтыгында Муканова Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин катчылыгы сурамжылоо жүргүзгөнүн, анда элдер шайлоо күнү өздөрү каалаган талапкерге добуш бере алышканын, эч кандай кысым көрсөтүү, добуш сатып алуу болбогонун көрүүгө болорун белгиледи.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Добуш берүү биринчи жолу аралаш система менен өттү. Алсак, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдардан мажоритардык система боюнча шайланды.

Жалпысынан шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 286 талапкер катышты.

Автоматтык эсептөө урналарынын алдын ала маалыматы боюнча 6 партия 5%дык чектен өттү.

Пикир

Оставить комментарий