• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жыйынында 3 жылдык стратегия кабыл алуу пландалууда

Коом 0


Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин II жыйынынын алкагында 2022-2024-жылдарга карата Кыргызстандын мамлекеттик коррупцияга каршы стратегиясын кабыл алуу пландалууда. Бул тууралуу жыйындын алкагында Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирди.

Анын айтымында, аталган стратегия өзүнүн практикалык жана технократиялуулугу менен айырмаланат.

“Башкача айтканда биз мурда кабыл алынган концепцияда каралган декларативдүүлүктөн алыстап кеттик”, - деди ал.

Мындан тышкары, башкы катчы буга чейинки тажрыйбанын жана Кыргызстанда болуп өткөн окуялардын негизинде стратегиянын негизги принциптери жана механизмдери төмөнкүлөр болуп саналаарын белгиледи:

- мамлекеттик башкаруу тутуму (коррупция маселеси – бул башкаруу маселеси экенине байланыштуу);

- коомчулукта коррупция маселесинде толеранттуулуктун деңгээлин төмөндөтүү (коомду коррупциянын таасиринен азайтуу жана тазалоо максатында коррупцияга 0 деңгээлдеги толеранттуулукка жетишүү пландаштырылууда);

- санариптешүү (жаңы технологиялардын жардамы менен коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу пландалууда).

Пикир

Оставить комментарий