• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коррупцияга каршы күрөшүү! Быйыл Бажы кызматында 98 кызматтык иликтөө жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы Бажы кызматында 98 кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Исабеков иликтөө менен удаа 48 кызматтык текшерүү жүрүп, төрт прокурордук чара көрүү актысы каралганын айтты.

“Анын жыйынтыгында 110 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Мындан сырткары, 59 кызматкерге эскертүү берилип, 27сине сөгүш, 14үнө катуу сөгүш жарыяланган. Ошондой эле наамынан бир баскычка түшүрүү боюнча бир, кызматка толук ылайык келбегендиги жөнүндө жети, ээлеген кызматынан төмөндөтүү бир, кызматтан бошотуу боюнча бир кызматкер болду”, - деди ал.

Бажы кызматынын төрагасы 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында коррупция боюнча 10 факты тиешелүү органдарга өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий