• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражатка Ош шаарында мектеп курулду

Президент 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, бүгүн, 22-декабрда Ош шаарында Нариман атындагы орто мектептин кошумча окуу имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чаранын катышуучулары менен жолугушуусунда Талант Мамытов 1200 адамга ылайыкташкан мектепте буга чейин орун жетишсиз болуп, 4 миңге жакын балдар окутулуп келгенин белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу белгилегендей, мындай шартта балдардын билим сапаты жөнүндө айтуу кыйын.

«Кошумча имараттын курулганы Нариман орто мектебиндеги орундардын жетишсиздик көйгөйүн чечет. Ал башка көптөгөн мектептерде бул көйгөй курч бойдон калууда», - деп айтты.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өлкөдөгү билим берүү системасын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын, анын негизги артыкчылыктарын белгилеп өттү.

«Патриотизмдин идеялары - Мекенге болгон сүйүү, мамлекетке кызмат кылуу билим жана тарбия менен бирге сиңет. Ошол эле учурда билим берүү системасы заманбап талаптарга да жооп бериши зарыл. Мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо жок экенин билебиз. Айрым мектептерде жаңы программалар менен окутулса, кээ бирлеринде эски программалар улантылууда. Тилекке каршы, мунун баары өлкөнүн экономикалык абалы менен байланыштуу», - деп айтты Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу заманбап дүйнөдө интеллектуалдык эмгектин баасы жогорулап жатканын, ошондуктан атамекендик билим берүү системасы аларды эске алуу менен өнүгүшү керектигин белгиледи.

Талант Мамытов балдарга заманбап маалыматтык технологияларды жана чет тилдерди үйрөтүп, ал эми жогорку класстарда кесиптик билим берүү программаларын киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарылдыгына токтолду.

«Жакшы билим жана тарбия алган бала келечекте жумуш таба алат. Мамлекеттин милдети - жарандарыбыздын өз Мекенинде ийгиликтүү иштей алышы үчүн бардык шарттарды түзүп берүү”, - деп белгиледи мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов педагогикалык эмгек жамаатты бүгүнкү кубанычтуу күнү менен куттуктап, келечек муундарды татыктуу тарбиялоодо алардын эмгеги зор экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, курулуш иштери 2019-жылы башталган. Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттардан чогулган бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланган.

Үч кабаттуу окуу имараты 24 окуу кабинетинен, ошондой эле ашкана, медициналык кабинет, окуучулардын кабинети, китепкана жана окуу залынан турат.

Пикир

Оставить комментарий