• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Коррупцияга каршы күрөшүү күнү. Энергетика министрлигинде кызматкерлер үчүн тренинг уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. КР Энергетика министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата ведомствонун кызматкерлери үчүн тренинг уюштурулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган КР Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин демилгеси менен КРнын президентине караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кеңешинин мүчөлөрү, бөлүмдүн кызматкерлери үчүн ушул жылдын 9-декабрында министрликтин имаратында «Мамлекеттик органдар үчүн коррупцияга каршы күрөшүү жана эл аралык тажрыйба боюнча” тренинг уюштурулду.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги принциптеринин бири болуп министрликтин жарандык коом институттары, эл аралык уюмдар менен коррупциянын алдын алуу жаатында кызматташуусу саналат.

Ошентип, «Transparency International» көз карандысыз эл аралык уюму менен биргеликте жогорудагы тренинг өткөрүлдү, тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги жоболору түшүндүрүлүп, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү методикалык сунуштар жана кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

Келечекте коррупциянын негиздерин жоюу максатында Министрлик тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге, ошондой эле министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине коррупцияга каршы механизмдерди колдонуу, коррупция, коррупциянын көрүнүштөрү жана ага каршы туруу жолдору тууралуу түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий