• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коррупцияга шектелген орун басар кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Ошондой эле өкмөт башчынын дагы бир буйругуна ылайык, КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп Чекирбаев Замирбек Сулайманович дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий