• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коррупцияга шектелген Перунун экс-президенти өзүн-өзү атып өлтүрдү

Дүйнө 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Перунун мурунку президенти Алан Гарсия өзүн-өзү атып өлтүрдү. Окуя 17-апрелде анын Лима шаарындагы үйүндө болгон, - деп жазат euronews.

Буга чейин Алан Гарсияга коррупция беренеси менен иш козголуп, сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Полиция кызматкерлери Гарсияны үйүнө кармоо үчүн барышканда ал адвокатка чалам деген шылтоо менен башка бөлмөгө кирип, өзүн-өзү атып салган.

Окуя болор замат президент Лимадагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Анын абалын жергиликтүү маалымат булактары оор деп, операция жасалып жатканын жазып чыгышкан.

Кийинчерээк ал каза болгонун чет элдик маалымат булактары маалымдашты.

Алан Гарсия 1985-1990- жана 2006-2011-жылдары Перунун президенти болгон.

Пикир

Оставить комментарий