• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коррупцияга шектелген Транспорт министрлигинин статс-катчысы күнөөсүн мойнуна алып, 2,5 млн сом төлөп берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Финансы полициясы) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2021-жылдын 7-январында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кылмышка шектүү катары кармалган.

2021-жылдын 9-январында Э.Мамыркалиев мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын 2 500 000 сом суммасындагы бөлүгүн өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Э.Мамыркалиевге карата үй камагы түрүндө жаза чарасын колдонду.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финансы полициясы 30га жакын ар кандай рангдагы аткаминерлерди жазык жоопкерчилигине тартты. Аталган коррупциялык схема боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомду түздү, анын дээрлик бардык суммасы Финансы полициясы тарабынан кайтарылды.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери аяктоо алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий