• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коррупцияга шектелип өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин жана Финполдун төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Пара алууга шектелип КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары жана КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасынын мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР мамлекеттик органдарында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР өкмөтүнүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган кызмат адамдары КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишинин тергөөсүнө байланыштуу маселелерди оң тарапка чечип берүү үчүн жеке ишкерден акча каражатын алышкан.

Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМК бакшы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2020-жылдын 19-октябрында ыкчам-тергөө иштеринни алкагында «К.Б.Т.» жана «Ж.Э.Э.» КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий