• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник сөзсүз кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 04.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-апрелде өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев менен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары рангындагы Антикоррупциялык кызматынын директору Сагынбек Исмаиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

УКМК менен АКК жетекчилери 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарылышы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Тактап айтканда Бишкек ЖЭБдеги авария жана модернизациялоо, республикалык бюджеттен негизи жок КНС төлөп берүү фактылары жана башка коомдук резонанс жараткан иштер боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын биринчи кварталы боюнча УКМК Антикоррупциялык кызматынын ишмердигинин жыйынтыктарын талдоо коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жакшы жылыш бар экендигин көрсөттү. Ошол эле учурда алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мындан дагы катуу аракеттенип, колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу зарыл экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна негизги коркунуч келтирген абалда калып жаткандыгын белгиледи. УКМК Антикоррупциялык кызматынын иши жалпы коомчулуктун катуу көзөмөлүндө тургандыгын баса белгиледи.

АККнын директору Сагынбек Исмаилов Кызматтын ишмердигинин негизги багыттары жана 2018-жылга иш пландары туурасында отчет берди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн АККнын күчү жана ресурстары жетиштүү экендигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК жетекчилигинен алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүп, мамлекеттик органдарда, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды көрүүнү, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.

“Кандайдыр бир коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш”, -деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Антикоррупциялык кызмат коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү менен бирге коррупциялык кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды аныктоо аркылуу коррупциянын алдын алуу боюнча системдүү иш жүргүзүүгө тийиш экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий