• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Коррупция фактысы боюнча Октябрь райондук милициясынын башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, жогорудагы ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз пайда табуу максатында, алдын ала сүйлөшүп, кызмат абалынан пайдалануу менен сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча А.Т. аттуу жаранды камакка алуу шылтоосу менен ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз ички иштер башкармалыгына чакыртып, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ опузалап пара талап кылышкан.

Бул фактылар боюнча КР Жазык кодексинин 143-беренеси ("Кыйноолор"), 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 326-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

2021-жылдын 21-октябрында Аскер прокуратурасынын тергѳѳ тобу тарабынан Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалышып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Учурда сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Пикир

Оставить комментарий