• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Мавлянова: Айрым жарандарга мыйзамсыз кылмыш иштери козголуп жатканын билебиз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Айрым бир жарандарга мыйзамсыз кылмыш иштери козголуп жатканын биз дагы жакшы билебиз, сиз деле жакшы билесиз, туурабы? Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊеште башкы прокурордун 2018-жылы Кыргызстанда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету угулуп жатканда ушундай собол салды.

Анын айтымында, депутаттарга карылуулар көп келет. Жарандарга мыйзамсыз кылмыш иштерин козгогон кызматкерлерге карата кандай чаралар көрүлөт? деген суроосу менен Башкы прокурорго кайрылды.

Ал эми Өткүрбек Жамшитов бул багытта жоопкерчиликсиз кызматкерлерге карата тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын, 2018-жылы прокуратура органдарынан 6 кызматкер бошотулганын билдирди.

"Сот тарабынан актоо чечимдери чыгарылган кылмыш иштери дароо кайра каралып, ал маселе коллегияда талкууга алынып турат. Өткөн жылы 84 кылмыш иши боюнча 108 адам акталган. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу кыйла аз. Ал эми мыйзамсыз козголгон кылмыш иштери боюнча 1 кылмыш иши козголуп, азыр тергөө амалдары жүрүүдө", - деди Жамшитов.

Башкы прокурордун айтымында, жаӊы кодекстерде "мыйзамсыз козголгон кылмыш иши" деген түшүнүк жок.

"Тергөөчү бир сутканын ичинде кылмыш ишин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катташы керек", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий