• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Коррупционерлерден уурдалган акчалар эселеп кайтарылат - Ташиев

Коом 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Коррупционерлерден уурдалган акчалар эселеп кайтарылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, коррупционерлерди камоонун ордуна алардан уурдалган акчалар эселетип кайтарыларын билдирди.

"Коррупционер мамлекетке келтирген зыянын он эселеп төлөтөбүз. Биз аларды түрмөгө камап, 5-10 жыл кармагандан көрө уурдаган 10 миллионун 100 миллион кылып төлөткөнүбүз жакшы. Коррупциялык жол мене тапкан мүлкүн, кайсы бир бизнесин мамлекетке өткөрөбүз. Алар уурдалган акча үчүн 5-10 жылга отурганга макул. Себеби алардын уурдаган акчасы бака-чакасына кенен жетет. Келтирилген чыгымды бир нече эселеп кайтартабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий