• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кош бойлуу айымдар үчүн

Дүр дүйнө 0

Илимпоздор кош бойлуу аялдар үчүн толугу менен тыюу салынган каражаттарды аныкташты. Буга ылайык ал каражаттар колдонулбаса, баланы жоготуу коркунучу азаят жана дени сак перзент көрүү мүмкүнчүлүгү артат. Бул туууралуу “Ортокдокс” медициналык порталы жазат.

Маалымат боюнча, кош бойлуу аялдарга сымап суммасы жогору болгон деңиз продукцияларына тыюу салынат. Анткени бул төрөлө турган бала үчүн терс таасирин тийгизет. Натыйжада, баланын түшүп калуусу же өсүүдөн артта калуу белгилери менен төрөлүү коркунучу пайда болмокчу.

Мындан тышкары, кош бойлуулук учурунда аялдарга папайя жана ананас сыяктуу экзотикалык мөмөлөрдү керектөөгө да тыюу салынат. Папайя-кош бойлуулуктун алгачкы айларында өтө терс таасир тийгизет, ананаста болсо, бала үчүн зыяндуу бромелайн көп. Мындан тышкары, тыюу салынган каражаттар арасында сүт да бар, болгону берилген мөөнөтүнө ылайык ичүү керек.

Чийки жумуртканы керектөө дагы кош бойлууларга зыян. Анткени жумуртка сарысын ичкенде организмге инфекция түшүүсү жана наристеге терс таасирин көрсөтүүсү мүмкүн.

Курамында көп өлчөмдө кофеин болгон каражаттар да кош бойлуу айымдарга ичүүгө болбойт. Кофеиндүү каражаттар наристе күтүп жаткан учурда жүрөктүн иштөөсүнө терс таасирин тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий