• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кошой” кант заводу 1-октябрда иштеп баштайт

Экономика 0

Бишкек, 13.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Шопоков шаарындагы “Кошой” кант заводун оңдоо иштери 2017-жылдын 1-октябрында аяктайт. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу мүчөсү Эркин Асрандиев билдирди.

Бул заводду калыбына келтирүүгө РКӨФ тарабынан 10 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетип каржылоо берилген.

“Бул завод 10 жылдан ашык токтоп турду. Акыркы эки-үч жылда биз бул өсүмдүктү өстүрүү көбөйгөнүн байкадык. Эгерде былтыр 11,5 миң гектар айдалса, быйыл айдоо аянты 17,5 миң га чейин кеңейген. Ушундан улам мындай көлөм экинчи заводду ишке киргизүүнү талап кылды”,- деди Асрандиев.

Анын маалыматы боюнча, быйыл Шопоков шаарындагы заводдо тиешелүү модернизациялоо чаралары жүргүзүлгөн. Жаңы жабдуулар сатып алынып, өндүрүштүн айрым блоктору калыбына келтирилди. Бүгүнкү күнү оңдоо жаңылоо процесси аяктоодо алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий