• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Кошой» кант заводу 70%га кайра курулду – башкы директор

Экономика 0

Бишкек, 15-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. «Кошой» кант заводу 70%га кайра курулду жана үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына бүткөрүлөт. Бул тууралуу журналисттерге “Кошой” АК баш директору Александр Барболат билдирди.

Анын айтымында, завод суткасына 300-400 тонна кумшекер чыгарууга ылайыкташкан.

“Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте модернизациялоого бизге 10 млн доллар насыя бөлүнгөн. Учурда ал дээрлик өздөштүрүлдү. Жабдуулар жеткирилген жана алынып келинүүдө”, - деп белгиледи ал.
Ошондой эле, Барболат завод 1941-жылы курулганын, 13 жылдан бери токтоп тургандыгын билдирди.

“Жабдууларды жаңылоо зарыл. Бизге Германиядан кант өнөр жайындагы мыкты жабдуулар келет. Ошондой эле, жогорку технологиялык жабдуулар Украинадан келет. Жалпысынан кант кызылчасын кабыл алып, кайра иштетүүдө 1 миңге чейин иш орду түзүлөт”, - деп кошумчалады ал.
Өз кезегинде РКӨФ башкаруу мүчөсү Эркин Асрандиев фонд пландалган 10 миллиондун 5 млн доллардан ашыгын бөлгөндүгүн билдирди. “Калганы дагы берилет. 4 млн жакыны техникага жана 1,4 млн курулушка”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий