• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кошоктун коомдогу орду кандай?

Дүр дүйнө 0

Кыргыздар мусулманчылыкты аркалаган узак мезгилден бери шарияттын ыйык жол-жоболорун парздарын бекем карманганы менен кыргыздын өз ишенимдерин, түшүнүктөрүн анын ичинде кошоктун ордун унутта калтырбай түп-тамырынан бери сактап келе жатканы баарыбызга маалым.
Кошок кыргыз элинин тээ байыртадан бери салт болуп калган элдик ооз эки чыгарма, каада-салт ырларынын бир түрү. Дүйнөдөн өткөн адамдын жакындары аялы, кызы, карындашы, келини жана башка тууган-туушкандары кошокту өзгөчө обон менен ый аралаш айтышкан.

Кыргыздын рухий турмушунда кошок кошуу эл арасында сакталып, ар кандай курактагы адамдар кайтыш болгондо, анын сөөгүн жерге коюу үрп-адаттары менен бирге ый менен жоктолуп, каза болгон адамдын кулк-мүнөзү, ишмердиги адамкерчилиги башка асыл сапаттары эскерип айтылган. Бирок, учурда бул салт диний көз-караштардан улам коомдо түрдүү кабыл алынып келет.

Мисалы, Бишкек шаарынын тургуну Элмира Батырканова мындай ойду айтат: “Кыргыз эли тээ байыртадан бери өзүбүздүн каада-салтты бекем карманган улуу элбиз. Ыр менен төрөлүп ыр менен аркы дүйнөгө сапар алган ыр жандуу келебиз. Отуруп алып санат айтып, өлгөн маркумдун жакшы сапаттарын айтып кошуунун эмнеси жаман. Күйгөн катын кошокчу дейт, күйүп жакын адамынан айрылганда ырдан сап улап, кошок айтып отурсаң ошол ыр менен (кошок) бугуң чыгып, ичиңдеги арманың бөксөрөт. Бир өлүм башта дейт, өлүмдүн зыйнатын кылып жай отуруп жай кошок кошуп отурса мунун жаманы жок”.
Ал эми динден кабары бар, шарият эрежелери менен жашаган адамдар мындай нерсеге кандай көз карашта экенин билүү үчүн, теология факультетинин бүтүрүүчүсү Талгат Нурлановго суроо узаттык.
“Кошок айтып бакырып, өкүрүп айланадагыларды азапка чөктүрүүнүн кереги жок. Анткени Аллах Таала өзү жаратат жана өзү алып кетет, болгону суракты жеңилдетүү максатында Алладан дуа кылып, Куран гана окуу керек. Муну менен каза болгон адамга кайдигер мамиле кылуу керек деп айтайын деген жокмун, болгону обу жоктукка салып, ызы-чуу кылып кыйкырбай эле сабыр кылып, ошол каза болгон адамдын тагдырына маани берип, өзүбүзгө сабак алуу керек”-дейт ал.
Ал эми ушул эле маселе боюнча аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов мындай дейт: “Каза болгон адамга кошок айтпай коюу деген бул такыр эле көз жаш төгүп ыйлабай коюу эмес, чындыгында ошол адамга сыздап, кайгырып ыйлап үнү бийик чыгып кетсе, анда бул нерсеге шариятыбыз тыюу салбайт. Ал эми жөн эле салтыбыз экен деп бакыра берсе, албетте бул шариятка туура келбеген иш болуп саналат”.


Кайтыш болгон адамдын үйүндө маркум жоктолуп, кошок кошулгандыгын реалдуу жашоодон көп эле кездештиребиз. Сырттан келген адамдарды утурлап, аялдар үн созуп кошок кошуп, эркектер өкүрүп турушкандыгын кыргыз жашоосунун көнүмүш адаты катары эсептөөгө болот.

Сыйдалы кызы Магира

Пикир

Оставить комментарий