• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кошумча кесиптик билим берүү уюмдарына убактылуу ишмердүүлүгүн токтотуп туруу сунушталат

Билим 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кошумча кесиптик билим берүү уюмдарына 8-апрелге чейин ишмердүүлүгүн токтотуп туруу сунушталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Ага ылайык, министрлик Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу чечимине ылайык, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча кесиптик билим берүү уюмдарына (кыска мөөнөттүү окуу курстары - жалпы республикалык тестке даярдоо, тил курстары, компьютердик курстар, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо), менчигинин формасына жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан, 2020-жылдын 17-мартынан 8-апрелине чейин өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп турууну сунуштайт.

"Сунуштама каты Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жана кошумча кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жөнөтүлдү", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле жогоруда аталган билим берүү уюмдарынын жетекчилери окуу кааналарында, аудиторияларында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү, окуучуларга жана ата-энелерге кандай иш-чараларды жүргүзүү керектигин жеткирүүнү сунуш кылат.

Пикир

Оставить комментарий