• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кошумча нарк салыгы комиссиясы боюнча сот: Соттук отурум болгон жок

Коом 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кошумча нарк салыгы комиссиясы боюнча соттун кезектеги отуруму өтмөк.

Сотто Эмиль Каипов төрагалык кылууда.

Соттук отурум жактоочунун келбегендигине байланыштуу болгон жок. Отурум 24-июнга жылдырылды.

Эске сала кетсек, 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери атайын операциянын жүрүшүндө чет элдик жалган фирмалардын (лжефирма) жасалма документтерин жана мөөрлөрүн аныкташкан. Мамлекетке карата келтирилген зыян 600 млн. сомду түзгөн. “Интеррустрейд” жана “Полларис” ЖЧКнун жетекчилери Б. Азизбеков жана А. Мэлсовдор КРнын Салык кызматынын жана Бажы кызматынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, республикалык бюджеттен 393 млн.сом өлчөмүндөгү каражаттарды чыгарып, 239 млн. 183 миң 598 сом көлөмүндөгү салыкты төлөбөй коюшкан – жалпысынан 632 млн. 183 миң 598 сом.

Айыпталуучулар катары жалпысынан 13 адам каралууда: Баязит Азизбеков, Арстанбек Мэлсов, Алмазбек Сагынбеков, Кубанычбек Кумашов, Дильбара Боронбаева, Эсенгул Кенжебаев, Айнура Байгазиева, Максатбек Бекирова, Медетбек Рыскулов, Замирбек Ниязалиев, Арзыгул Өмүркулов, Сабырбек уулу Султан жана Алишер Ишматов. Алардын ичинде 6 салык кызматынын, 3 бажы кызматынын өкүлдөрү жана жеке жактар бар. Бардыгына алдамчылык беренеси боюнча жана атка минерлерге ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий