• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кошумча наркка салык комиссиясы боюнча сот: Сот бир катар өтүнүчтөрдү четке какты

Коом 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн кошумча наркка салык комиссиясы боюнча соттук отурум өтүүдө.

Анда сот Эмиль Каипов төрагалык кылууда.

Айыпталуучу Алмазбек Сагынбаевдин жактоочусу күбө катары сотко Абдысеитова аттуу жаранды чакырууну өтүнгөн. Бирок, сот бул күбөдөн сурак алуунун кажети жок деп жактоочунун өтүнүчүн четке каккан.

Андан тышкары, башка жактоочулардан да бир катар өтүнүчтөр келтирилген. Анын ичинде соттук-экономикалык экспертиза жүргүзүү боюнча да айтылган.

Ошондой эле жактоочу Азизбек Турдалиев сотко дагы бир нече күбөлөрдү чакырууну суранган.

Мамлекеттик айыптоочулар процесстин жүрүшүндө жетиштүү күбөдөн сурак алынганын айтып ага каршы болушкан.

Эске сала кетсек, 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери атайын операциянын жүрүшүндө чет элдик жалган фирмалардын (лжефирма) жасалма документтерин жана мөөрлөрүн аныкташкан. Мамлекетке карата келтирилген зыян 600 млн. сомду түзгөн. “Интеррустрейд” жана “Полларис” ЖЧКнун жетекчилери Б. Азизбеков жана А. Мэлсовдор КРнын Салык кызматынын жана Бажы кызматынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, республикалык бюджеттен 393 млн.сом өлчөмүндөгү каражаттарды чыгарып, 239 млн. 183 миң 598 сом көлөмүндөгү салыкты төлөбөй коюшкан – жалпысынан 632 млн. 183 миң 598 сом.

Айыпталуучулар катары жалпысынан 13 адам каралууда: Баязит Азизбеков, Арстанбек Мэлсов, Алмазбек Сагынбеков, Кубанычбек Кумашов, Дильбара Боронбаева, Эсенгул Кенжебаев, Айнура Байгазиева, Максатбек Бекирова, Медетбек Рыскулов, Замирбек Ниязалиев, Арзыгул Өмүркулов, Сабырбек уулу Султан жана Алишер Ишматов. Алардын ичинде 6 салык кызматынын, 3 бажы кызматынын өкүлдөрү жана жеке жактар бар. Бардыгына алдамчылык беренеси боюнча жана атка минерлерге ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий