• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Коңшу өлкөдөн келген арзан күч Ош, Бишкек эле эмес, Талас, Нарындан бери каптады – депутат

Коом 0

Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. Кошуна өлкөдөн келген арзан күч мурда Ош, Жалал-Абадды каптаса, азыр Бишкек эле эмес, Талас, Нарын, Чүйдөн бери каптады. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди.

Акаев миграция жаатында олутту проблема пайда болгонуна токтолуп, миллионго жакын кыргызы жараны чет өлкөдө иштеп жүргөнүн эске салды.

"Алардын ордун кошуна өлкөнүн жарандары басып атат. Арзан күч катары", – деди депутат.

Депутаттын пикиринде, тигүү, курулуш тармагында иштеген кыргыз жарандарын жумуш берүүчүлөр бошотуп, кошуна өлкөнүн арзан күчүн алып жатат.

"Сен 15 миң айлык алсаң, алар 6 миң эле алат экен деп жумуштан бошотуп атат. Биздин жарандар анан айла жок Россияга, Казакстанга жумуш издеп кетип атат", - деп кошумчалады Акаев.

"Кыргыз мигранттары мекенине жылына 2 млрд ашык акча которот деп айтып атабыз. Бирок которулган акчаны кошуна өлкөнүн жарандары алып чыгып кетип атпайбы. Валюта чыгып кетип атат. Мунун себеби, алар патент алып иштебей жатат. Ушул мыйзамды өзгөртүш керек", - деди эл өкүлү.

"Өкмөт кошуна өлкөнүн жарандары Кыргызстанга келип айына 500 же 1000 сомдон төлөп, патент алып иштей турган кылышы керек. Жылына бюджетке миллиардга жакын акча түшөт. Бул бюджетке чоң салым", - деди Акаев.

"10 миңдеген жарандар келип атканда, ошолорду бир системага салып, бюджетке түздөн түз түшө турган кылбаса болбойт", – деди Акаев.

Пикир

Оставить комментарий