• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Космопаркка” бомба коюлгандыгы тууралуу маалыматты кароолчу айткан – УКМК

Коом 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. “Космопарк” оюн-зоок борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине УКМКдан билдирди.

Ведомстводон билдиргендей, бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат оюн-зоок борборунун кароолчусунан түшкөн, андан кийин ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери барышкан.

“Кимдир-бирөө мекемеге бомба коюлгандыгы тууралуу айткан. Ал өзүнүн милдетин аткарып, укук коргоо органдарына билдирген”,-деди УКМКдан.

“Космопарк” оюн-зоок борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат Бишкек ИИББге саат 19:30 түшкөн. Ал жерге келген укук коргоо органдары мекемедеги адамдарды тышка чыгарып, мекемени курчоого алышкан. Издөө иштеринен кийин бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат ырасталган эмес, курчоо алынып, оюн-зоок борборуна келгендер киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий