• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Коста-Рика: Жапайы жаныбарлар менен селфи кылууга тыюу салынат

Дүйнө 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Коста-Риканын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги жапайы жаныбарлар жана чымчыктар менен селфи кылууга тыюу салууну карап жатат. Бул тууралуу The Tico Times порталы билдиргенин Известия басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Борбордук Америкадагы улуттук сейил багына дүйнөнүн булуң бурчунан туристтер келет. Алар сейил бактан маймыл, чымчыктардын бир катар түрлөрүн көрүүгө келишет.

"Туристтерге жапайы жаныбарларга тамак бербөөгө жана алар менен бирге сүрөткө түшпөөгө чакырабыз", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен сүрөткө түшкөн учурда алар стресске кабылып, кийин жапа чегишет.

Селфиге каршы күрөшүү боюнча чаралардын бири жаныбарлардын кебин (кургатылган дене) аэропорттордо кое баштайт.

Пикир

Оставить комментарий