• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Коста-Риканын президенти интервью учурунда аары жутуп алды

Дүйнө 0


Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Коста-Риканын президенти Луис Гильермо журналисттерге интервью берип жатып, аары жутуп алды. Бул туурасында “ABC 6” телеканалы билдирди.

Аары президенттин оозуна, өлкөнүн түштүк аймагында жаңы ачылган бетон чыгаруучу ишкананын ачылышында сөз сүйлөп жаткан маалда кирип кеткен. “ABC 6” телеканалы тараткан видеодо президент оозуна капыстан кирип кеткен аарыны жеп койгону даана көрүнүп турат.

“Мен аны жеп койдум. Күндө эле мындай боло бербейт... Таза белок”,- деп тамашалады Коста-Риканын президенти.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий