• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кожоюндарынын жогорку баасына татыган унаалардын рейтинги

Дүр дүйнө 0

Consumer Union (АКШнын керектөөчүлөр союзу) коммерциялык эмес уюму өз кожоюндарынын жогорку баасына татыган унаалардын рейтингин жарыялады. ТОП-10 жарым миллион машинанын ичинен тандалган. Унаа каражаттары төмөнкү критерийлер боюнча бааланды: башкаруу, ыңгайлуулук, жасалга, калган баасы, аудио сапаты жана климаттык тескөө. Унаа ээлери жооп берген негизги суроо – алар ушундай унааны кайрадан тандашат беле?, - деген болду.

Tesla Model S

Tesla Motors менен байланыштуу чуулгандарга карабастан, электрокар, мурдагыдай эле, көпчүлүктүн фавориттеринин арасында. Унаа ээлери бир кубаттуулукта жүрүшүн, динамика жана ыңгайлуулугун белгилешет. Мисалы, багаж эки бөлүмдөн турат. Кемчиликтери - алдыңкы панелдеги жолдон алаксыткан сенсордук экраны жана муздак мезгилде жүрүштүн начарлашы.

Porsche 911

Легендарлуу спорткар өз ээлерин башкарылуусу жана динамикасы менен кубандырат. Ошол эле учурда колдонуучулар жапыз унаадагы алыскы сапарлар чаалыктырбай турганын белгилешет: салондун эргономикасы бийикте, ал эми дабыш төмөн. Жарыш кумарын кандырган автоматтык кутусу мактоого арзыйт.

Chevrolet Corvette

Америкалык спорткар — салондогу ыңгайсыздыктарга кайыл болуп, тез жүрүүнү каалагандардын унаасы. Машина ушунчалык жапыз болгондуктан, анын кожоюндары ичине түшүү үчүн акробатикалык шыктарга ээ болуп чыга келишет. Бирок бардык ыңгайсыздыктарды 650-чү кубаттуу кыймылдаткычы жеңип кетет.

Lincoln Continental

Флагман седандын баасы менен сапаты төп келет. Өзүнөн төмөнкү класстагы унаалардай баада турганы менен салондун жасалгасы менен жабдуусу премиалдык моделдеги деңгээлде. 400-чү кубаттуу 3 литрлик кыймылдаткычы бир калыпта жана салмактуу жүрүүгө арналган. Автомобилде арткы жүргүнчүлөрдүн ыңгайына өзгөчө көңүл бурулган.

Ford F-350

Ушул моделдеги буга чейинки унаалардын ишенимдүүлүгү жана жүк көтөрүмдүүлүгү сакталган жаңы F-350 аларга тышкы стили жана жогорку технологиялар менен коштолот. 350чү эң катуу шарттарда иштей алуу жөндөмү менен колдонуучулар арасында сүймөнчүккө ээ болуп саналат.

Mazda MX-5 Miata

Родстердин төртүнчү мууну Mazda өзгөчө формуласына ишенимдүү бойдон калган: бул өзү сыяктуулара арасында эң күчтүү унаа эмес, бирок, анын башкарылуусу жана үнөмдүүлүгү чындап жогорку деңгээлде. Дабыш жогорулугу жана ыңгайсыз жука орундуктары унаанын алыскы саякаттарга туура келбестигин көрсөтүп турат.

Toyota Prius

Модель күйүүчү майды үнөмдөө үчүн ойлоп табылган. Жаңы Prius өзүнөн мурдагы машиналардан бул багытта артыкчылыктуу болуп эсептелет. Кожоюндар гибриддик тескөөнүн ыңгайлуулугун белгилешет, мындан тышкары унаа кыйла динамикалуу жана ыңгайлуу болуп калган.

Tesla Model X

Электр жол тандабас ыңгайлуулукка караганда сулуу жана футуристтик мүнөздүү. Каалгалары чоң, “ак чардактын канаты” схемасы боюнча иштейт. Бирок көптө ачылып, узакта жабылат. Model S менен салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугуна анчалык маани берилген эмес. Бирок дүйнөдөгү эң ыкчам кроссоверлердин бири. Көрүнүшү да көрктүү.

Honda Odyssey

Үй-бүлөлүк минивэн 280-чи күчтүү 3 литрлик кыймылдаткычы менен өзгөчө. Унаа шаар ичинде жана чон жолдо айдоого ылайыктуу. Салону кенен.

Dodge Challenger

Маслкар Hellcat: 6,2 литрлик кыймылдаткычы менен таң калтырат. Бурулуштарда анчалык тактык көрсөтпөгөнү менен түз жерлерде ага теңдеш жок. Дабыш изоляциялоо су “эң начар” баага татыган. Бирок бул уламыш гана, көпчүлүк колдонуучулар бул унааны жакшы көрүшөт.

Булагы: FORBES

Пикир

Оставить комментарий