• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суусамырдын Кожомкул айылындагы орто мектепке компьютерлер тапшырылды

Билим 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Кечээ, 15-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектепке жалпы баасы 407 928 сомдук акыркы үлгүдөгү 12 комплект компьютер (процессор, монитор, клавиатура, наушник) тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алыскы аймактардагы мектептерди колдоо максатында министрлик тарабынан берилген компьютерлерди мекеменин басма сөз катчысы Самат Тоялиев тапшырды.

Иш-чарага мектептин администрациясы, мугалимдери жана жогорку класстын окуучулары катышышты.

Эске сала кетсек, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ушул жылдын май-июнь айларында аймактарга жасаган иш сапары учурунда Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерди кыдырып, мугалимдер жамааты жана айыл тургундары менен жолугушкан эле. Жолугушуулардын биринде аталган мектептин мугалимдери маалымат технологиялары өнүгүп жаткан заманда мектепте бир дагы компьютер жоктугун, компьютердик класс аңгырап бош турганын айтып, ушул көйгөйдү чечип берүүнү министрден өтүнүшкөн. Б. Купешев 2021-2022-окуу жылын баштоо алдында Сапарбек Мырзакматов атындагы мектептин компьютердик классын керектүү сандагы компьютердик техника менен жабдууну убада кылган.

Пикир

Оставить комментарий