• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кожомкул атабыздын мааракесине жети дубандан журт чогулуп, өз ынтымагын даӊазалап турат - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине жети дубандан журт өкүлдөрү келип, балбандын кичи мекенинде башы биригип, журтубуз өз ынтымагын даӊазалап турат, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Каба уулу Кожомкулдун мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада.

"Улуу даанышманыбыз Чыңгыз Айтматов айткандай – түндүгүбүз менен түштүгүбүз куштун эки канатындай болуп, бирге, улуу инсандын элесине таазим кылып турабыз. Биз Конституциябызда ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутаарыбызды жазганбыз", - деп билдирди президент.

Мамлекеттин эгемендигин жана элдин биримдигин сактоого майтарылбас эркибизди билдиргенбиз, - деди ал.

"Ата-бабалардын улуу жолун улап, бирдиктүү коом болуп, бир максатка умтулуш үчүн Башмыйзамдын жазуусу гана жетиштүү эмес. Аларды иш жүзүндө аткаруу үчүн талыкпаган аракет, тынымсыз эмгек, түгөнбөгөн эрк керек", - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий