• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракеси белгиленет

Коом 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. 29-30-июнь күндөрү Суусамыр өрөөнүндө Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда аталган иш-чарага даярдыктар жүрүп жатат. Салтанаттуу маараке ачык асман алдында өтүп, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театры жана Жайыл райондук маданият бөлүмүнүн артисттери катышкан концерттик программа жана театралдык оюн тартууланат.

"29-июнь күнү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 19:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кожомкул айылындагы ат майданда көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ат көтөрмөй жана таш көтөрмөй оюндары өтүп, байгелер 30-июнь күн жеңүүчүлөргө тапшырылат", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз элинин атактуу балбаны Каба уулу Кожомкул 1888-жылы (документтеринде 1889-жыл деп көрсөтүлгөн) Суусамыр өрөөнүндөгү Жоо-Жүрөк жайлоосунда жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий