• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кожошев: Бүгүнкү форум азыркы татаал геосаясий кырдаалда жаңы чечимдерди табууга шык берет деп ишенем

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык форумунун алкагында өтүп жаткан “ЕАЭБ жана өнөктөш өлкөлөрдүн ачык бизнес диалогу “Келечектүү багыттар жана жаңы реалдуулукта бизнести өнүктүрүү” панелдик талкуусуна катышты.

Төмөндө Арзыбек Кожошевдин сүйлөгөн сөзүнүн тексти.

«Урматтуу Евразия экономикалык биримдигинин Ишкерлер кеңешинин жыйынынын катышуучулары!

Баарыңыздарды Бишкекте меймандос тосуп алганыма кубанычтамын!

Евразиялык экономикалык форумду өткөрүү чечими кабыл алынгандан кийин пандемияга байланыштуу эки жолу жылдырылып, натыйжада биринчи форум Минск менен Нур-Султанда эмес, Бишкекте өтүп жатат. Балким бул жерде кандайдыр бир символизм бардыр.

ЕАЭБди түзүү абдан татаал процесс болуп, башынан эле экономикалык интеграциянын алкагы үстөмдүк кылаары аныкталган. Биз саясий, маданий, гуманитардык компоненттин процесстерин негизги экономикалык интеграциядан атайылап ажыраттык. Биздин кадам туура экенин убакыт көрсөттү.

Бизнестин ролу жана ишкер чөйрөлөрдүн кызыкчылыктары биринчи планга коюлат, биздин биримдикте бардык негизги чечимдер биринчи кезекте жалпы рынокторду түзүүгө жана тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү алып салууга негизделет.

Бизнес-ассоциациялар жагынан ишкер чөйрөсүн баалабай коюуга болбойт.

Азыркы дүйнөдө бул эки концептуалдык документти даярдоо үчүн квалификациялуу кадрларды тартуу мүмкүнчүлүгү бизнес-коомчулуктун жамааттык пикирин түзүүнүн күчтүү куралы болуп калды.

ЕАЭБ Ишкерлер кеңеши Биримдиктин бардык беш өлкөсүнүн бизнес-ассоциацияларынын жамааттык үнү катары саналганы ачык мисалы боло алат.

Келечекте мындай инструменттердин ролу жана мааниси бир эле учурда эки көйгөйдү - Евразия экономикалык комиссиясы эффективдүү жөнгө салуучу катары беш өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарын концентрациялоону чечип гана жогорулайт деп ишенебиз. Ал эми экинчи жагынан, ЕАЭБдин жалпы рынокторунун алкагында ишкер чөйрөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарда аң-сезимдүү иш-аракет эркиндиги.

Биздин өлкөлөрдүн ИДПсынын өсүшү жөнөкөй жана түшүнүктүү –, калктын реалдуу кирешеси, жаңы жумуш орундары, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү жана анын жалпы рыноктогу евразиялык капиталдын үлүшү.

Евразиялык экономикалык форумдун алкагындагы иш бардыгыңарга жаңы дем берет жана азыркы татаал геосаясий кырдаалда жаңы чечимдерди табууга шыктануу берет деп ишенем.

Нобель сыйлыгынын лауреаты Йозеф Шумпетер айткандай, “бизнес акча табууга мүмкүндүк берген диспропорциялар болгон жерде пайда болот, бирок буларды жоюу менен бизнес коомдун көптөгөн көйгөйлөрүн өзү чечет”.

Биз баарыбыз эл аралык кырдаалдын өнүгүүсүнүн ар кандай сценарийлерине даяр болуу үчүн 2025-2030-жылдарга пландаштыруу горизонтуна ЕАЭБди өнүктүрүү стратегиясын даярдоо боюнча аракеттерди күчөтүшүбүз керек. Евразиялык экономикалык форумдун платформасы – бул биздин союздаштык кызматташуубуздун келечектеги контурларын талкуулоо жана ЕАЭБди өнүктүрүүнүн келечектеги стратегиясын иштеп чыгууда бизнес-коомчулуктун кызыкчылыктарын эске алуу үчүн идеалдуу курал.

Андыктан бардыгыңыздарга Евразия экономикалык биримдиктин бардык өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген бизнесиңиздердин алдыга жылуусуна ийгиликтерди каалайм”.

Пикир

Оставить комментарий