• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кожошев Беларустун элчиси менен коомдук транспортту, айыл чарба техникасын жеткирүү маселесин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Страчко менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да катышты.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Ереванда өткөн жыйынынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен эки тараптуу жолугушуусунда эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары кыргыз тарап Кыргызстанга беларус автобустарын жана айыл чарба техникаларын жеткирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Страчко бул маселелерди жакынкы аралыкта иштеп чыгууга даяр экендигин билдирди.

«Биз үчүн бул дагы келечектүү долбоор, биз аны ишке ашырууга кызыкдарбыз», - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-беларусь өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий