• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кожошев: Илим — постиндустриалдык дүйнөнүн чечүүчү цивилизациялык куралдарынын бирине айланды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Дүйнөлүк илим жана ааламдашуу, санариптик трансформация доорундагы заманбап чакырыктар» эл аралык илимий форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, мындай иш-чаралар илим-билимди мындан ары өнүктүрүү үчүн күчтүү стимул катары кызмат кылат.

«Бүгүнкү күндө илим инструменталдык баалуулук катары гана саналбастан, постиндустриалдык дүйнөнүн чечүүчү цивилизациялык куралдарынын бирине айланды. Мында фабрикалар жана заводдор эмес, университеттер жана илимий-изилдөө комплекстери коомдук өнүгүүнүн негизги тенденцияларын аныктап, турмуштун ар кыл тармактарын андан ары интеллектуалдаштырууга алып келүүдө», - деди Арзыбек Кожошев жана республика алдында дүйнөлүк трендден артта калбастан, жаңы технологияларды өздөштүрүү негизинде экономикалык милдеттерди чечүү маселеси турат деп кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн азыркы этабында санариптик экономикага өтүү экономикалык өсүштү камсыз кылуунун эң маанилүү фактору катары каралууда. «Акылдуу шаарлар», «акылдуу чарбалар», «акылдуу фабрика», же «акылдуу транспорт» болобу, акылдуу чечимдерди кеңири жайылтуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Кыргыз Республикасында санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн баштапкы чекити катары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин «Евразия экономикалык биримдигинин 2025-жылга чейин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттары жөнүндө» чечимин эсептесе болот», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кошумчалагандай, 2018-жылы Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынган, анда өлкөнү санариптик трансформациялоонун контурлары белгиленген.

«Экономикада алдыңкы өндүрүштүк технологияларды түзүүгө жана ишке киргизүүгө жөндөмдүү тиешелүү кадрдык ресурстарды калыптандырууну камсыздоо зарыл. Буга байланыштуу билим берүүдө жаңы ыкмалар керек. Бизге белгилүү бир жөндөмдөргө ээ болгон кадрлар гана эмес, өнүгүүгө жана инновацияларга түрткү болгон чыгармачыл жана креативдүү адистер керек»,- деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев

Пикир

Оставить комментарий