• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кожошев Калты жана турак жай фондун каттоо боюнча комиссиянын кеңешмесин өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Калкын жана турак жай фондусун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

"Каттоо жүргүзүү калктын так санын билүүгө гана мүмкүндүк бербестен, адамдардын жашоо шарты кандай өзгөргөнүн баалоого да мүмкүнчүлүк берет. Бул абдан маанилүү. Алынган маалыматтардын негизинде мектепти, же бала бакчаны куруу, ошондой эле бүтүндөй республиканы өнүктүрүүнүн жалпы стратегиялык планы сыяктуу конкреттүү маселелер боюнча башкаруу чечимдери кабыл алынат", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары – Республикалык комиссиянын төрагасы жана ал калкты каттоо мамлекеттин стратегиялык маанилүү милдеттеринин бири экендигин кошумчалады.

Андан соң КР Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун каттоонун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Ал белгилегендей, учурда республика боюнча эл каттоого 27 миң 899 адам тартылса, бул максатта республикалык бюджеттен 321,9 млн сом бөлүнгөн.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы ошондой эле эл каттоонун жүрүшүндө жер-жерлерде пайда болгон маселелерге кеңири токтолду.

Ал эл каттоону уюштурууда жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын, интернет байланыштын, транспорттун жоктугунан эл каттоочулардын иши кыйындап жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Арзыбек Кожошев КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен «Альфа Телеком» ЖАКтын Жалал-Абад облусунун айрым айылдарын 4G форматындагы интернет байланышы менен камсыздоо боюнча ишин сынга алды.

"Бардык ишке тартылган мамлекеттик органдардын бирдиктүү координацияланган иши болушу керек. Жумуш күнүнүн аягына чейин бардык техникалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды киргизүүгө убакыт берем",- деди Арзыбек Кожошев жана калкты каттоонун календарлык планынын пункттарынын аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий