• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кожошев КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрага орун басары Лю Суше менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Лю Суше менен видеоконференцбайланыш режиминде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, атап айтканда, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн аларды башкаруу механизмин уюштуруу маселесин талкуулады.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иш алып баруусу жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы менен жүктөрдүн өтүүсүн оптималдаштыруу эки өлкө кызыкчылыктарына жооп берип, мамлекеттер ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

«Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарындагы координацияланган жана биргелешкен иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын аймагына транспорттук каражаттардын өтүү процессин жөнөкөйлөштүрүүгө шарт түзөт.

Эки элдин бакубаттуулугу үчүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатуу боюнча оптималдуу чечимди табуу иретинде өз ара саясий эрктин көрсөтүлүшүнө ишенебиз», – деди ад.

Өз кезегинде КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Лю Суше кытай тараптын эки өлкө ортосундагы соода балансын жакшыртууга, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелерди кароого даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий