• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кожошев Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүнүн кеңсесин ачууну сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Эр-Риядга (Сауд Аравия) жумушчу сапарынын жыйынтыгында Сауд Аравиясынын бир катар финансы институттарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Атап айтканда, Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти, доктор Мухаммад бин Сулейман Аль-Жассир менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан транспорт, ирригация жана саламаттыкты сактоо тармагында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорду талкуулады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Ислам өнүктүрүү банкынын ишине оң баасын берип, коронавирус инфекциясы күчөп турган маалда өлкөбүзгө алынып келинген беш мобилдүү клиниканын республиканын саламаттыкты сактоо тутуму үчүн мааниси зор болгондугун белгиледи.

Арзыбек Кожошев ошондой эле Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүнүн кеңсесин ачууну сунуштады, бул долбоордук документтерди макулдашууну жана аларды ишке ашырууну бир топ жеңилдетет. Өз кезегинде Мухаммад бин Сулейман Аль-Жассир Ислам өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасы менен кызматташууга чоң маани берет деп билдири.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Сауд өнүктүрүү фондунун директору Султан бин Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Арзыбек Кожошев белгилегендей, Сауд өнүктүрүү фондунун жардамы менен учурда экономика, айыл чарба жана транспорт тармагында түрдүү долбоорлор ишке ашырылууда.

Өз кезегинде фонддун директору үстүбүздөгү жылы фонддун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнө 10 жыл толуп жатканын белгиледи. «Ушул датага чейин пландаштырылган долбоорлорду гана жыйынтыктабастан, кыргыз элине пайда алып келе турган жаңы долбоорлорду ишке киргизүүнү каалайбыз», - деп белгиледи Султан бин Абдурахман Аль-Маршад жана юбилейлик датага карай биздин республикага сапар менен келүүнү пландап жаткандыгын кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында үстүбүздөгү жылы Араб координациялык тобунун IV жыйынын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий