• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР 1,2 миң этникалык кыргызды кабыл ала алат. Бирок алар чек арага өздөрү келиши керек — министрлик

Саясат 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Кыргызстан 1 миң 200 этникалык кыргыздарды кабыл ала алат. Бирок алар чек арага өздөрү келиши керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан 1996-жылдан бери БУУнун качкындар боюнча конвенциясынын мүчөсү болгондуктан качкындарды кабыл алууга милдеттүү.

“Биз качкындардын жапырт келишин күтүп жаткан жокпуз. Анткени алар көбүн эсе Пакистан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстанга барышат. Учурда Кыргызстанда Афганистандын 73 жараны качкын деген макамга ээ. Дагы 67 жаран арыз жазып, жообун күтүүдө”, - дейт ал.

Мамбетова качкындар негизинен өлкөдө көпкө жүрбөй үчүнчү мамлекеттерге кетерин белгиледи.

“Алсак, 2005-жылы Өзбекстандан качкындар келгенде биз кабыл алганбыз. Бирок алар Европа, АКШ сыяктуу өлкөлөргө чыгып кетишкен. Белгилей кетсек, мамлекет качкындарды үй менен камсыздап бере албайт, ал БУУ аркылуу берилет. Ал эми качкын макамын алуу үчүн жазылган арыз 6 айдан бир жылга чейин каралат”, - деп айтат ал.

Мамбетова эгерде жарандын паспорту же башка документи жок болсо, анда ага качкын макамы берилбейт деген туура эместигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий