• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР 2030-жылга Саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүү жөнүндө глобалдык келишимге кошулду

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2030-жылга Саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүү жөнүндө глобалдык келишимге кол койду.

2030-жылга Саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүү жөнүндө глобалдык келишимге кол коюу аземи ушул күндөрү орун алган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында өттү.

«Улуттун саламаттыгы – мамлекеттин бакубаттуулугунун негизи. Бул жагынан алып караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында 2030-жылга саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпыны камтууга жетишүү максатындагы саламаттык сактоо тармагындагы бардык эл аралык өнөктөр менен бир багытта иш алып барууда», - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов документке кол коюу салтанатында.

Белгиленгендей, Глобалдык келишимдин катышуучулары саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүүдө прогрессти тездетүү максаттарында биргелешкен ишмердикти ишке ашырууга умтулушат.

Учурда эл аралык уюмдардан тышкары 62 өлкө 2030-жылга саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүү жөнүндө Келишимдин катышуучулары болуп саналышат.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2030-жылга саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүү 2015-жылдын 25-сентябрында БУУ Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган 2015-жылдан кийинки мезгилде тармакты өнүктүрүү Күн тартибине киргизилген Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын маанилүүлөрүнүн бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасы Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча милдеттерди өзүнө алды жана аларды улуттук өнүктүрүү программаларына имплементациялоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайт.

2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» Программасынын долбоору 2030-жылга саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий