• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР АӨК өнүктүрүү ассоциациясы экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү демилгесин колдойт

Экономика 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. КРнын агроөнөржай комплексин (АӨК) өнүктүрүү ассоциациясы КРнын министрлер кабинетинин экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алуу жөнүндөгү демилгесин колдойт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР АӨК өнүктүрүү ассоциациясынын директорунун милдетин аткаруучу Рустам Балтабаев билдирди.

Анын айтымында, ассоцияциянын мүчөлөрү КРнын Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу маселени талкуулашты.

Жолушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин болжолдонуп жаткан ыйгарым укуктары жана төмөндөгүдөй өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча чараларды талкуулашты:

- бюджеттик насыяларды реструктуризациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу, анын ичинде бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды карыз алуучулардын уставдык капиталына конверсиялоо жолу менен, мында ассоциациянын мүчөлөрү айыл чарбасын каржылоо боюнча кредит алуучулардын маселеси боюнча көбүрөөк тынчсызданышкан;

- тариф саясаты маселеси;

- Ишкердин мүлкүн рейдерлик басып алуу боюнча коркунучтар тууралуу маселе;

“Өз кезегинде министрликтин юристтери аталган мыйзам долбоорунун жоболорун аткарууда жарандык мыйзамдуулук нормалары сакталарын жана ишкерлер алардын жеке менчик укуктарынын сакталуусу камсыз болорун белгилешти. Мындан тышкары, мыйзамды аткарууда жана министрлер кабинети тарабынан чечим кабыл алууда нормативдик-укуктук актылар бизнес-коомчулук менен тиешелүү талкуудан кийин өзүнчө кабыл алынат. Ошентип, нормативдик-укуктук актылар бизнес-коомчулуктун маалымдоосусуз кабыл алынбайт”,-деди ал.

Мындан тышкары, Балтабаев жолугушуунун жыйынтыгы боюнча АӨК өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөлөрү КР министрлер кабинетинин экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу чечимин колдоо чечимине келишкенин белгиледи.

“АӨК ассоциациясынын мүчөлөрү аталган мыйзам АӨК жаатындагы бир катар көйгөлөрдү: жер астындагы сууларга лицензия берүүнү жокко чыгаруу, экспорттоочуларга КНСти кайтарууну жөнөкөйлөтүү, КНСти каттоонун босогосун жогорулатуу, чийки затты КНСтен бошотуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар материалдар, азык-түлүк коопсуздугу жана башка көптөгөн нерселер чечүүгө жардам берет деп ишенишет”,-деп түшүндүрдү ал.

Эскерте кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоору 29-июлда өлкөнүн парламенти тарабынан кабыл алынган. Мыйзам долбоору министрлер кабинетине экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө жана бюджеттин кирешелери менен чыгашаларынын 20%ын Жогорку Кеңеш менен макулдашпастан тескөөгө, салыктын ставкаларын, мамлекеттик сатып алуулардын шарттарын ж.б. өзгөртүүгө уруксат берет. Мыйзамдын долбоору мамлекеттин экономикадагы терс өзгөрүүлөргө болгон реакциясын жогорулатууга багытталган.

Маалымат үчүн: АӨК өнүктүрүү ассоциациясы 2019-жылы КРда айыл чарба продукцияларын өндүрүу жана кайра иштетүүчү алдыңкы ишкерлер тарабынан негизделген. Азыркы учурда агроөнөр жай тармагынын 50дөн ашык ишканасы аталган ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат.

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын ишмердүүлүгү агроөнөр жай комплексинде ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жардам берүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн колдоосунун көңүлүн бурууга багытталган.


 

 

Пикир

Оставить комментарий