• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР аймагына аткезчилик жол аркылуу жүк ташуучу унаа алып өтүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.10.18 /Кабар/. Кыргызстандын аймагына аткезчилик жол аркылуу жүк ташуучу унаа алып өтүүгө аракет кылышкан. Натыйжада мамлекеттин бюджетине 1 миллион сомдон ашык акча каражаты кайтарылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЭККМКнын (финансы полициясы) Жалал-Абад облусунун Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери мурун табылган коррупциялык схема боюнча мамлекеттик бюджетке тийиштүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жүк ташуучу автоунаанын контрабандалык ташып кирүү фактысын аныкташкан.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында “XLER6X” жүк тенти бар “SCANIAR420” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кармалган.

"ЭККМК көргөн чаралардын натыйжысында мамлекеттик бюджетке 1 миллон 133 255 сом суммадагы зыян аталган жүк ташуучу унаанын ээси тарабынан толугу менен кайтарылып алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий