• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. КР аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 10-майда болжол менен кечки саат 17:33төр чамасында катталган.

Жер титирөө Ноокат районунун Ынтымак, Беш-Буркан, Кызыл-Булак айылдарында жана Кадамжай районунун Үч-Коргон, Балакиш, Ак-Булак, Караван, Коджо-Арык, Мурку айылдарында 2,5 баллга чейин жана Кызыл-Кыя шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий