• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-майда болжол менен саат 09:17 чамасында Кыргызстан жана Таджикистан чек араларында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, жана Нура, Иркештам, Кек-Суу, Икизяк, Кара-Кимдик айылдарында 3 балл, Сары-Таш, Арса-Булак, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий