• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР аймагында жер титиреди, очогунда күчү 7-8 баллга жетти - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 9-майда болжол менен саат 16:41 чамасында Афганистан Республикасында жер титиреген. Маалыматка ылайык, жер титирөө очогунда 7-8 баллга чейин жеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 4 балл, Ош шаарында жана республиканын чек арага жакынкы аймактарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий