• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР аймактарында жергиликтүү бийлик органдарында ченемдик укуктук актыларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча окутуулар өтөт

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен шаарында «Жергиликтүү бийлик органдарында Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу» темасында жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине арналган бир күндүк семинар-окуутуулар башталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын демилгеси менен жана «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү - 2-фаза» программасынын колдоосу менен 2020-жылдын 20-февралынан 19-мартына чейин республикабыздын бардык облустарында (жалпы 22 семинар) бекитилген график менен семинар-окутуулар уюштурулуп өткөрүлөт.

Катышуучулар:

- Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн аппарат жетекчилери,

- райондук мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилери,

- шаар мэрияларынын аппарат жетекчилери,

- аталган аппараттарынын жалпы бөлүмдөрүнүн башчылары,

- ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары.

Уюштуруучулар:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты,

- «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү - 2-фаза» программасы (Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомунун (GТZ) жетекчилигинде ишке ашырылуучу Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги жана Европа бирлиги менен бирге каржыланат)

Бул семинарда төмөнкүлөр тренер катары окутуу өткөрүштү:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери,

- “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү - 2-фаза" программасынын тренерлери.

Окутуу темалары:

- “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу боюнча,

- Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылуулары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо,

- Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасынын жаңы долбоору менен тааныштыруу, Мамлекеттик тилде иш кагаздарын даярдоо сапатын жакшыртуу,

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентининин талаптарын сактоо жана Регламентке киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берилген тапшырмаларына контролдоо иштерин жүргүзүү, аткаруу мөөнөттөрү жана аткаруу тартибин күчөтүү жөнүндө,

- «Түндүк», «Электрондук документ жүргүзүү», «Е-Kyzmat», «Санарип аймак» электронндук системалары менен тааныштыруу.

Пикир

Оставить комментарий