• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР Акыйкатчы институтунун “115” сурап-билүү кызматы кайрадан ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун “115” сурап-билүү кызматы кайрадан ишке берилди. Колл-борбор 2015-жылы түзүлгөн. Бирок 2018-жылдын май айынан баштап долбоорду каржылоонун аякташына байланыштуу өз ишин токтоткон. Бүгүн Улуу Британиянын КРдагы элчилигинин жана PRI эл аралык уюмунун колдоосунан улам программа кайрадан ишке берилип жатат.

Борбордук Азиядагы Эл аралык түрмө реформасынын аймактык директору Азамат Шамбиловдун айтымында, колл-борбор иштебей турган акыркы жарым жылда бул кызматтын программасы толугу менен трансформацияланды.

“Биз кызматкерлердин ишин, методологияны кайра карап чыктык. IT жагынан бир нерсени өзгөрттүк. Бүгүнкү күндө бизде байланыштын бардык түрүнө жеткиликтүүлүгү бар жаңы программа бар. Мындан тышкары акыйкатчынын аппаратында өзүнчө кабинет ачылды”, - деди ал.

Шамбилов колл-борбордун жумушчуларынын штаты 3 адамга чейин кеңейгенин кошумчалады. Мурда 2 адам болгон.

“Жумуш режими түн жарымына чейин узартылды. Буга чейин чалуулар 20:00гө чейин эле кабыл алынып, андан кийинки билдирүүлөр жазылып турган. Ошондой эле кызматкерлер менен иштеше турган психолог болот. Себеби биз чалган адамга гана көңүл бурабыз, кызматкерлерге көңүл бурулбай калат. Биз алар кандай эмоцияларга кабылып жатканын билбейбиз. Ушундан улам психолог алар менен күндө иштешип турат”, - деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов финансылык колдоо менен бирге Улуу Британиянын элчилиги жана PRI уюму адистерди даярдоого жардам берерин белгиледи.

“Чалуу үчүн жооптуу оператор юриспруденция, психология тармактарында билимге ээ болушу керек”, - деп ал жана сурап-билүү кызматынын системасы Улуу Британиянын мисалында иштелип чыкканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий