• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Акыйкатчы институтунун демилгеси менен Кыргызстанда "Укук кербени" сапарга чыгат

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчы институту 2021-жылдын 4-октябрынан тартып Эл аралык адам укуктары күнүнө (10 -декабрь) арналган "Укук кербени" деп аталган долбоордун башталышын демилгеледи. Бул тууралуу Акыйкатчы катчылыгынан билдиришти.

Бул долбоорго ылайык, бир айдын ичинде Акыйкатчынын борбордук аппаратынын жетекчилиги жана өкүлдөрү республиканын аймактарына барышат. Тактап айтканда, Токон Мамытов, анын орун басарлары Гүлнара Жамгырчиева жана Альберт Колопов, аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков, ошондой эле Акыйкатчы институтунун тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары жер-жерлерде жарандарды кабыл алууну, анын ичинде активисттер менен жолугушууларды өткөрүшөт. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардан арыздар, даттануулар кабыл алынат, ошондой эле тиешелүү юридикалык кеңештер берилет.

Мындан тышкары, бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрүн жана прокурорлорду тартуу менен жарандарды кабыл алуу жүргүзүлөт. Ошондой эле КР Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери бул аралыкта республиканын социалдык жана жабык мекемелеринде адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына мониторинг жүргүзүшөт.

Аймактык жумушчу жолугушуулар Кыргызстандын региондорунда адам укуктарынын системдүү түрдө бузулушун аныктоого жардам берет.

Сапардын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ар бир облусундагы бийлик органдарына аныкталган мыйзам бузуулар боюнча көрсөтмөлөр жана сунуштар жазылган тиешелүү каттар жөнөтүлөт.

"Укук кербенинин" иши 2021 -жылдын 4-ноябрында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий