• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыйкатчы Токон Мамытов №1 тергөө изоляторуна мониторинг жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө изоляторуна барып, Ф.Н., К.С., М.М., С.К., Д.А., Э.К жана Р.Ж. менен жолугушуп, сүйлөштү.

Жолугушуу учурунда абакта кармалып тургандар ал жактын кармоо шарттарына жана мекеменин жетекчилигине эч кандай дооматынын жоктугун билдиришти. Кармалгандардын айрымдары адвокаттын кире албай жатканын маалымдады, сырткы байланыш жоктугун, туугандары менен байланыша албай жатышканын жана кат алышуу мүмкүн болбой жатканын белгиледи. Бирөөсү Биринчи май райондук соту анын катышуусусуз баш коргоо чарасын узартып, абакта калтырганына нааразылыгын билдирди.

Ал эми Э.К 2018-жылы кыскартылган кылмыш иши кайрадан козголуп, аны кармаганы негизсиз деп эсептейт, ошондой эле 3 айдан бери эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлбөгөнүн маалымдады. Э.К адвокатынын жазуу жүзүндөгү арызы КР Акыйкатчысынын кароосунда эле.

Акыйкатчы Мамытов абактагы кармалгандардын маселелери боюнча алардын адвокаттары жана туугандарынын арыздары боюнча иш жүргүзө тургандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий